Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

КЫТАЙДА БАРЫМТАДА ЖАТКАНДАР БАР, БИРОК АЛ ҮЧҮН ЖАЗАЛАНГАНДАР БОЛО ЭЛЕК


4-сентябрда Тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармалыгынын жетекчиси Руслан Казакбаев журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, Кытай Эл Республикасында барымтада жаткан кыргызстандык атуулдардын абалы тууралуу айтып берди. Ырасмий бийликтин маалыматы боюнча, учурда Кытайда 27 адам барымтада кармалууда. Руслан Казакбаевдин билдиргенине караганда, Кыргызстандын дагы 7 атуулу ар кандай кылмыштарды жасаганы үчүн Кытайдын түрмөлөрүндө жатат.

Кытайга каттаган кыргызстандык майда ишкерлердин айрымдары алынган товардын ордуна барымта болуп, ал жактагы жергиликтүү соодагерлердин колунда айлап-жылдап кармалаары буга чейин да басма сөздө айтылып келген. Тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармалыгынын жетекчиси Руслан Казакбаевдин маалыматы боюнча, айрым басылмалар жазгандай, учурда Кытайда 100дөн ашуун эмес, 27 атуул гана барымта катары кармалууда. «Бул – ырасмий маалымат. Бирок, иш жүзүндө мындан да көп болуп калышы ыктымал» дейт Руслан Казакбаев.

- 27 адам боюнча маалыматыбыз так. Ал эми андан да көп адам болушу ыктымал деген кабарлар бар. Бирок алардын саны 100гө жетет деп мен айталбайм.

Барымтадагылардын көпчүлүгү Кытайдын Шиңжан уйгур автоном районунун аймагында, негизинен Топо шаарындагы жергиликтүү соодагерлердин көзөмөлүндө жатышат. Кытайлык өнөктөштөрүнө барымтадагылардын эң көп карыз болгону 45000 долларга чейин, эң аз карыз болгону 5000 долларга чейин бересе. Кыргызстандык 27 атуулдун карызы баш-аягы 300 миң доллардын айланасында.

Руслан Казакбаевдин айтымында, барымтадагылардын башын бошотуудагы негизги тоскоолдук – Кытайдын болобу же Кыргызстандын болобу - мамлекеттик укук коргоо органдарына ырасмий түрдө жардам сурап кайрылган адамдардын болбой жатканында.

- Ырасмий түрдө аларды барымтадан бошотуууга мүмкүн болбой жатат. Себеби, буга чейин алардын бирөө да ырасмий түрдө Тышкы иштер министрлигине же биздин Кытайдагы элчиликке кайрыла элек.

Маалымат жыйынында белгилүү болгондой, акыркы 2 жыл аралыгында барымтада жаткан 12 адам куткарылган. Бирок алар негизинен алган акчаны же товарды өз күчтөрү менен толук кайтарып беришкенден кийин гана ырасмий эмес сүйлөшүүлөрдүн негизинде боштондукка чыгышкан. «Албетте, бул иштерге Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин кызматкерлери да катышты», - дейт Казакбаев.

Эки өлкө ортосунда түзүлгөн мындай мамилелерди жөнгө салуу иши 3 документтин негизинде жүргүзүлүүдө. Алар - 1993-жылы 9-январда Кыргызстан менен Кытайдын ички иштер министрликтеринин ортосунда кол коюлган келишим, 1991-жылы 12-январда эки өлкөнүн башкы прокуратуралары түзгөн келишим жана 2002-жылы 24-июнда эки мамлекеттин юстиция министрликтери кол койгон келишим.

Руслан Казакбаев маалымат жыйынында айткандай:

- Мына ушул документтерге ылайык ар кандай кылмыштарды жасаганы үчүн азыр Кытайдын түрмөлөрүндө жаткан 7 кыргызстандык атуулдун экөөнүн жаза өтөө шарттары жеңилдетилип, экөөнү Кытайдын түрмөлөрүнөн Кыргызстандыкына которуу макулдашылды.

«Азаттыктан» мурда маалымдалгандай, быйыл 15-июлда эки өлкөнүн чек арасынан мыйзамсыз өтүп келатканда Кыргызстандын 25 жаштагы атуулу Ынтымак Молдобаев Чек ара кызматынын Нарындагы бөлүгүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган болчу. Ынтымак Кытайда барымтада жаткан мекендештерибиздин бири экен. Кийин ал бошотулду. Чек ара кызматынын Нарындагы № 92832-аскер бөлүгүнүн командири, подполковник Чолпонбек Турусбеков бул окуя боюнча «Азаттыкка» мурда берген маегинде Ынтымактын барымтада оор шартта кармалганын жана Кытайда 90-100гө жакын мекендештерибиз кармоодо жатканын айткан болчу.

Чолпонбек Турусбеков мындай билдирген эле:

- Бизде «Кытайдын Шиңжан уйгур автоном районунда Ынтымакка окшоп барымтада дагы 90-100дөй атуулдарыбыз жатат» деген маалыматтар бар. Ынтымак болсо акыркы 2 жыл бою Топо шаарында оор эле шартта барымтада кармалыптыр. Аны дайыма полиция кызматкерлери кайтарыптыр. Абдан эле оор абалда турушкан.

4-сентябрда өткөн маалымат жыйынында консулдук башкармалыктын жетекчиси Руслан Казакбаев Нарындагы чек арачылар Ынтымак Молдобаевди кармаганы боюнча колунда ырасмий маалыматтардын жоктугун айтты. Кыргыз бийлигинде Кытайда барымтада жаткандардын адамдык укуктары тепселип, кордук көрүп жатканы тууралуу да так маалыматтар жок. «Болгону бир мекендешибиз күч менен кармалып жатканы тууралуу укканбыз. Биз анын үстүнөн иштеп жатабыз», - дейт Тышкы иштер министрлигинин өкүлү.

Кытайдын да, Кыргызстандын да күч органдары тарабынан буга чейин барымтада жаткандарга байланыштуу бир да кылмыш иши козголгон эмес. Руслан Казакбаевдин айтымында, «барымтадагылардын адамдык укуктары тепселди же аларга байланыштуу мыйзам бузулду» деп мамлекеттик органдарга бир да жолу арыз менен кайрылган адам болгон эмес.

XS
SM
MD
LG