Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

«Мунапыс жөнүндөгү» мыйзамга президенттин ветосу Жогорку Кеңеште талкууланууда


БИШКЕК. Жогорку Кенештин Мыйзам чыгаруу жыйыны ушул аптанын ичинде «Мунапыс жөнүндөгү» мыйзамдын жаңы вариантын кайра карашы ыктымал. Бул тууралуу бүгүн мыйзамдын авторлорунун бири, сот, укук маселелери жана мыйзамдуулук комитетинин төрагасы депутат Азимбек Бекназаров билдирди. Депутат менен кыргыз өкмөтү биргелешип иштеп чыккан мыйзамды Жогорку Кеңеш апрель айында кабыл алып, бирок, президент аны кайра кароо сунушу менен жайында палатага кайтарган болчу. А.Бекназаровдун айтымында, комитет президенттин ветосун өткөн шаршембиде талкуулап, мыйзамды кайра кароо максатында биргелешкен комиссия түздү. Ушул эле күнү президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Чолпонкул Арабаевдин билдиргенине караганда, президенттин ветосу боюнча тараптар бир пикирге келишти. Президент бул мыйзамдын киши өлтүргөн тогуз аялга мунапыс берүүгө жана айрым кылмышкерлердин жаза мөөнөттөрүн кыскартууга байланышкан беренелерине вето койгон. Бул мыйзам кабыл алынган калыбында күчүнө кирсе, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 700дөй киши бошотулуп, 15 миңден ашыгынын мөөнөтү кыскармак.

XS
SM
MD
LG