Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:20

Европа Кеңеши Азербайжанды сынга алды


Европа Кеңешинин байкоочулары 15-октябрга белгиленген Азербайжандагы президенттик шайлоо алдындагы жараянга тынчсызданганын билдиришти. Беш адамдан турган Европа Кеңешинин байкоочулары тарабынан таратылган билдирүүдө, Азербайжанда «саясий ишенбөөчүлүк кырдаал» түзүлүп, өкмөттүк маалымат каражаттары оппозиция мүчөлөрүн негизсиз каралоодо жана коркутууда деп белгиленген. Билдирүүдө шайлоо жараянын Азербайжан өзү мүчө болгон Европа Кеңешинин стандарттарына ылайык жүргүзүү чакырыгы айтылган.

XS
SM
MD
LG