Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

МУНАЙ ТАШЫП КЕЛҮҮЧҮЛӨР «БЮДЖЕТТИН АКЧАСЫН ЧАЧЫП ЖАТАТ» ДЕП ӨКМӨТТҮ КҮНӨӨЛӨП ЖАТЫШАТ


Сапар Орозбаков, Бишкек Жума күнү Мунай ташып келип сатуучулар ассоциациясынын өкүлдөрү журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүшүп, «Кыргыз петролиум компанини» акциздик салыктан бошотуп, бюджеттик акчаны чачканы үчүн» өкмөттү айыпташты.

Мунай заттарын ташып келип сатуучулар ассоциациясынын президенти Олег Забаранын айтымында, премьер-министр Николай Танаев өзүнүн быйыл 16-сентябрда чыгарган буйругу менен «Кыргыз петролиум компаниге» 32,6 миң тонна күйүүчү майды акциздик салык төлөбөй алып келүүгө уруксат берген. Бул болсо, анын ою боюнча, бюджетке зор зыян келтирет.

- Биздин эсеп боюнча премьердин бул «колу», бензиндин кандай ташылып келип жатканын эске алганда, 120 млн. сом турат. Бул, өкмөттүн буйругундагы чечимди негиздеш үчүн айтылгандарды актабайт, - деди Олег Забара. Анын айтымында, өкмөттүн бир компанияга артыкчылык бериши базар экономикасынын мыйзамдарына да туура келбейт. Калган мунай ташып келүүчүлөр атаандаштыкка туруштук бере алышпай, өз ишин токтотууга аргасыз болушат.

- Өкмөт мурдагы чалынган казыгына дагы чалынып жатат. 1995-жылы компания түзүлгөндө инвестициялык келишимге ылайык бул ишкана салыктардан бошотулганын билебиз… Анын натыйжасы – мамлекетке аябагандай зор жоготуу болгон. Биздин эсеп боюнча мамлекет бул ишканага жеңилдик берип, 1 млрд. сом жоготууга учураган, - деди Олег Забара.

Мунай ташып келүүчүлөр Конституция боюнча мындай буйрук чыгарууга өкмөт башчысынын укугу жок экендигин белгилешет. Анткени, алардын айтымында, Башмыйзамда салыктан бошотуу укугу Жогорку Кеңешке гана берилген. Бирок акыркы өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгы менен өкмөткө айрым учурларда салыктан бошотууга мүмкүнчүлүк берилгени маалым. Мунай ташып келүүчүлөр болсо «бул жерге анын тиешеси жок» эсептешет.

- Конституцияны андан ары окусак, ал жерде «мамлекетке жана бюджетке зыян келтирбеген учурда» деп айтылган. Бул жерде чоң зыян келип жатат, - дейт Олег Забара. Өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери бул чечим аргасыз кабыл алынганын айтышат.

- Казакстан дизель отунун экспорттоого убактылуу тыюу салганына байланыштуу, Ош шаарынын ТЭЦине отун мазутун берүүгө Өзбекстандын мүмкүнчүлүгү жоктугунан, жыйым-терим өнөктүгүн күйүүчү материалдар менен камсыз кылыш үчүн ушундай чечим кабыл алууга туура келди, - дейт премьер-министрдин аппаратынын маалымат бөлүмүнүн кызматкери Назгүл Бегалиева.

Айтмакчы, өкмөт өзүнүн буйругунда «Кыргыз петролиум компанини» күйүүчү майды арзан сатууга милдеттендирет. Башкача айтканда, «төлөнбөгөн акциздик салык дыйкандардын пайдасына кетсин» дейт. Бирок аны канчага арзан сатаары буйрукта көрсөтүлгөн эмес. Олег Забаранын айтымында, азыр «Кыргыз петролиум компани» күйүүчү майды жаңы баа менен алып келе баштады.

- Биз кечээ эле Жалалабад менен байланышып, «Кыргыз петролиум компани» ташып келген бензиндин баасын билдик. Ал Жалалабаддагы базар баасынан болгону 40 тыйынга айырмаланат экен, - деди Олег Забара. Муну биздин Оштогу кабарчыбыз Кожогелди Култегин да ырастады.

XS
SM
MD
LG