Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:39

Эл өкүлдөр жыйынынын XVI сессиясы 6-октябрда баштала турган болду


БИШКЕК. Палатанын күн тартибине саясий, экономикалык жана социалдык багыттагы 30дан ашуун маселе коюлууда. Парламентте өкмөт башчысы Николай Танаев мамлекеттин тышкы карыздарынын төлөмдөрү, чет элден келген инвестицияларды туура пайдалануу тууралуу отчет берет. Финансы министрлигинин, Улуттук Банктын, Мамлекеттик мүлк башкармалыгынын отчеттору да талкууланат. Мындан тышкары, палата «Кыргызгаз» акционердик коомун кайра түзүү жана менчиктештирүү маселесин карап, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдө мыйзамдардын аткарылышы тууралуу башкы прокурордун маалыматын угат. Сессияда өкмөт сунуш кылган 11 мыйзам долбоору талкууланат.

XS
SM
MD
LG