Польшалык чек арачылар Орусия, Украина жана Беларус менен виза режими күчүнө кирген алгачкы күнү, 1-октябрда аталган үч өлкө менен чек араларда кыймыл кескин кыскарганын билдиришти. Варшавадан келген маалыматтарга караганда, демейде бир күндө 15 миңден 20 миңге чейинки адам ары-бери каттаган чек арада виза киргизилген күнү 1000ге жетпеген киши катталган. Польша коңшулаш үч өлкө менен виза тартибин орнотуу чарасын эмдиги жылы Европа Биримдигине мүчө болуунун шарты катары түшүндүрүүдө.