Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:58

ҮЧ КҮНДӨН КИЙИН ЧЕЧЕНСТАН ӨЗ ПРЕЗИДЕНТИН ТАНДАЙТ


Төрөкул Дооров, Москва Үч күндөн кийин Чеченстанда президенттик шайлоолор өтөт. Чечен эли, Орусия, андан калса дээрлик он жылдан бери Чеченстандагы жагдайды сырттан байкап келген эл-аралык коомчулук алдыдагы шайлоодон проблеманы чечүү жообун ала алабы? Дегеле алдыдагы шайлоодон эмнени күтсө болот?

2-октябрь күнү Чеченстандагы Шали районунун администрация башчысы Муса Дакаев жана анын уулун белгисиз адамдар атып кетишкени маалым болду. Аналитиктер республикада расмий Маскөөнү жактаган мамлекеттик кызматкерлерди өлтүрүү аракеттери жана бул өңдүү көрүнүштөр көп эле болуп келгендигин айтышууда. Мисалы, республиканын өкмөт башчысы Анатолий Поповдун өткөн жумада дарбыз жеп, уулангандыгы да буга далил дешет. Анткен менен, шейшемби күнү кайра жумушка чыккан өкмөт башчы ушул убакытка чейин ууланган-ууланбаганы тууралуу так биле албагандыгын айтууда.

Чеченстандагы президенттик шайлоо 5-октябрда өтөт. Шайлоого үч күн калганда республикада түзүлгөн кырдаал мына ушундайча.

Учурда президенттик такка ээ болуу максатын көздөгөндөрдүн саны жетөө: Ахмад Кадыров, Авхат Ханчукаев, Николай Пайзуллаев, Кутуз Садуев, Абдулла Бугаев, Шамиль Бураев жана Хусейн Бийбулатов. Аты аталган талапкерлердин ичинде республиканын администрация жетекчиси Ахмад Кадыров гана реалдуу талапкер деп таанылууда. «Анткени калган талапкерлер республиканын өзүндө да, андан сырткары да Кадыровдой таанымал эмес жана президенттик орун үчүн ат салышууга кубатсыз», - деп эсептешет көпчүлүк байкоочулар.

«Шайлоого катышуу укугунан айрылышкан буга чейинки 3 талапкер: Мамдума депутаты Асламбек Аслаханов, ишкерлер Малик Сайдуллаев менен Хусейн Жабраиловдун түрдүү себептер менен катышпай калуулары президенттик шайлоолордун кызыксыз, эң коркунучтуусу альтернативсиз өтүшүн аныктайт», - деп ойлойт «Карнеги» корунун шайлоолор боюнча координатору Алексей Титков. Анын айтымында:

- Алдыдагы шайлоолордун жыйынтыгы кандай болоорун бүгүн кыйналбай туруп эле айтууга болот. Албетте, калктын шайлоого катышуу деңгээли жогору болду деп табылуусу күтүлүүдө. Ал эми президент болуп Чеченстандын учурдагы администрация башчысы Ахмад Кадыров шайланат.

Мына ушундай эле жыйынтыктарды бир катар башка уюмдардын изилдөөлөрү да көрсөткөн.
Кийинки кездерде чечен жеринде кеңири социологиялык иликтөөлөрүн жүргүзүп келаткан жалгыз уюм «Validata» берген маалыматтарга ылайык, республикада жашагандардын 70-73% президенттик шайлоого катышарын айтышкан.

Республиканын шайлоо комитетинин төрагасы Абдул-Керим Арсахановдун айтымында, Чеченстан шайлоого толугу менен даяр. Республика калкынын 561миңи жана чечен жериндеги Орусия аскерий күчтөрүндөгү 30миң аскер 425 жерде орноштурулган шайлоо участкаларында добуш бере алышат. Ал эми Ингушетияда убактылуу качкындар лагерлеринде турушкан чеченстандыктар шайлоо участкалары бар жакын райондорго автобустар менен алып барылып, добуө беришет.

Шайлоолого Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму-ОБСЕ жана Европа Кеңешинин парламенттик Ассамблеясы өздөрүнүн байкоочуларын жиберүүдөн баш тартышты. Маалым болгондой, Чеченстан конституциясын кабыл алуу боюнча үстүбүздөгү жылдын март айында өткөн референдумга да аталган эл-аралык уюмдардын байкоочулары катышкан эмес. Бул жолку президенттик шайлоо көз салууну Ислам Конференциясы уюмунун, КМШнын аткаруу комитетинин жана башка бир катар эл аралык уюмдардын байкоочулары өз моюндарына алышмакчы.

XS
SM
MD
LG