Рим. Бүгүн Еврошериктештиктин коргоо министрлеринин Римдеги жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Германиянын коргоо министри Петер Штрук бейпилдик күчтөрүн Кабулдан сырт жерлерге жайгаштыруу чечими келерки жумада кабыл алына турганын билдирди. Германия Ооганстандын Кундуз шаарына 200 аскерин жиберип, чөлкөмдүн чарбасын калыбына келтирүү иштерине катышууну пландаштырып жатат. Анын аралыгында, Ооганстанда бейшемби күнү жер минасынан курман болгон канадалык эки жоокерди эскерүү жөрөлгөсү өткөрүлдү. Мина качан койулганы белгисиз.
Германия Ооганстандагы НАТО баш болгон бейпилдик аскерлеринин миссиясын кеңейтүүгө чакырды