Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:56

Иракта эски армиянын жоокерлерине жөлөкпул төлөө жараяны аяктады


Быйыл май айында Ирактын армиясы таратылган соң киргизилген программа боюнча АКШ баштаган коалициялык администрация 40 доллар өлчөмүндөгү жөлөкпулду мурдагы армиянын жоокерлерине бир жолудан төлөп берүүнү сунуш кылган. Бул жараяндын аяктоосу соңку айлардагы эмгек акысын да төлөп берүүнү талап кылган мурдагы жоокерлердин нааразылык акциялары менен коштолду. Кечээ демонстранттар Багдад, Басра шаарларында америкалык жана британиялык аскерлер менен кагылышты. Ал эми мурдагы күнкү кагылыштардан эки ирактык мерт болгон.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG