Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:42

БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ СИРИЯНЫН АРЫЗЫН КАРАП ЖАТАТ


Айданбек Акмат уулу, Прага Израилдин Сирия аймагына сокку уруусун Дамаскынын талабы менен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши жекшембиде талкуулай баштады. Маселени кароо бүгүн дүйшөмбү күнү улантылды. Бирок Коопсуздук Кеңеште төрагалык кылып жаткан АКШ Израилди айыптоочу чечимдин кабыл алынышына жол бербейт деген маалыматтар айтылууда.

Израилдин Сириянын борбору Дамаск шаарына жакын жерге абадан сокку уруусу Хайфадагы жардырууга жооп иретинде жасалганы маалымдалууда. Хайфа шаарындагы ишембидеги террордук чабуулдан 19 адам набыт, 50 ашууну жаракат алышкан эле. Израилдин коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, сокку Дамаск шаарына жакын жайгашкан “Ислам жихады” жана “Хамас” уюмдарынын машыктыруу лагерлерине урулду.

Сирия муну агрессия деп атап, Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын чакырууну талап кылды. Сириянын БУУдагы элчиси Фейсал Мекдад мындай деди:

- Бул Улуттар Уюмунун жана эл аралык конвенцияларды, 1974-жылы Сирия менен Израил жетишкен макулдашууну одоно түрдө бузган мыйзамсыз агрессия. Израилдин бул аракети анын саясаты агрессияга жана жетишилген макулдашууларды урматтабоого негизделгенин даана көрсөтүп турат.

Сирия жана араб өлкөлөрү Коопсуздук Кеңештин кароосуна Израилдин чабуулун айыптаган чечимдин долбоорун даярдашты. Ал жекшемби күнү талкуулана баштады. Бирок чечимдин долбоорунун кабыл алынышына АКШ жол бербеши толук ыктымал. Анткени,биринчиден, Израил АКШнын Жакынкы Чыгыштагы эң жакын союздашы, экинчиден Сирия террорго каршы күрөштө туура эмес өңүттү ээлеп алды деп, Дамаскыны Вашингтон айыптап келатат жана АКШ менен Сириянын мамилеси жакшы эмес. АКШнын БУУдагы элчиси Жон Негропонте Израил-Сирия кризиси тууралуу Коопсуздук Кеңешинде жекшембиде мындай деди:

- Кошмо Штаттары жана Израил өкмөтү Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды курчутуп жиберүүчү аракеттерге жол бербеш керектиги менен макул. Бирок, Сирия террорго каршы күрөштө туура эмес тарапта турганына АКШ ишенет. Биз террорчуларды жашырууну токтотууну Сирияга ачык билдиргенбиз.

Израилдин Улуттар Уюмундагы элчиси Коопсуздук Кеңешинде жекшембиде сүйлөгөн сөзүндө буларды белгиледи:

- Мен үстөлдү тегеректей отурган мамлекеттердин өкүлдөрүнөн жүздөгөн атуулдарын өлтүрүп жатса, эмне кылат элеңер деп сурай аламбы? Бул гипотетикалык суроо эмес. БУУга мүчө мамлекеттердин көпчүлүгү Израилдей терродон жабыркаган жок. Ошондуктан Коопсуздук Кеңеши террордон коргонуу максатында көрүлгөн чараны кубатташ керек.

Саясат иликтөчүлөрдүн пикиринде, Израилдин чабуулуна жооп кылууга Сириянын 2000-жылы шайланган президенти Башар Ассад батынбайт. Анткени аскерий кубат жагынан Израилге караганда Сирия алсыздык кылат. 2002-жылкы статистикалык маалыматтар боюнча, Сириянын 380 миң аскери, 520 аскерий учактары бар. Ал эми Израилдин 185 миң аскери жана 628 аскерий учагы бар. Бирок космостон чалгындоо, заманбап технология менен Израил өтө эле мыкты жабдылган.

Эки мамлекет буга чейин согушкан. 1967-жылдагы алты күндүк согушта Сирия Голан бийиктиктеринен ажыраган. Жакынкы Чыгыштагы мына ошол согуштан кийин Израил Египет, Йордания менентынчтык келишимге жетишкен. Бирок Сирия менен Израил ортосунда тынчтык келишим түзүлө элек.

XS
SM
MD
LG