БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргыз Республикасынын атуулдарынын аманаттарын калыбына келтирүү жана коргоо тууралуу» мыйзамга алымча-кошумчаларды киргизди. Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык мурдагы Совет Биримдигине кирген өлкөлөрдүн атуулдары СССР убагында Кыргызстандын банктарына салган аманатын кайтарып ала алышат. Мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн демилгечиси Марат Султановдун айтымында, 1987-жылга чейин Кыргызстанда иштеп, өз акчасын кыргыз банктарында сактаган жана азыр башка өлкөлөрдө жашаган онго жетпеген атуул бар.
Совет Биримдигинин атуулдары Кыргызстандын банктарына салган акчасын кайтарып алганга мүмкүнчүлүк алышты