Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:01

Япония Түндүк Кореянын талабын четке какты


НУСА ДУА. Япония аны эл аралык сүйлөшүүдөн чыгарып салуу жөнүндөгү түндүк Кореянын талабын четке кагат. Бул жөнүндө АСЕАНдын Балидеги саммитине катышып жаткан Япониянын премьер- министри Юнихиро Койдзуми билдирди. Койдзуминин айтымында, Түндүк Кореянын атомдук программасы Япониянын коопсуздугуна шек келтирет. Ошондуктан Түндүк Кореянын Японияны сүйлөшүүгө катыштырбай койуу талабы туура эмес. Түндүк Корея анын атомдук программасы жөнүндөгү сүйлөшүүлөргө Япониянын катышуусуна макул эместигин билдирип, аны "ишенчиликсиз шерик" деп сыпаттаган. Япония, Түштүк жана Түндүк Корея, Россия жана Кытай Пхеньяндын атомдук программасы боюнча августта болгон алгачкы сүйлөшүүлөргө катышкан. Түндүк Корея сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына катышуудан азырынча баш тартууда.

XS
SM
MD
LG