Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:31

Орусиянын Аскер-аба күчтөрүнүн колбашчысы Владимир Михайлов Кыргызстанга иш сапары менен келмек болду


БИШКЕК. Эртең Кыргызстанга Орусиянын Аскер-аба күчтөрүнүн колбашчысы генерал-полковник Владимир Михайлов иш сапары менен келет. Ал «Кант» аба майданын Жамааттык Коопсуздук Келишимине кирген өлкөлөр кандай шартта пайдалана тургандыгы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу маалымат бүгүн Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан алынды. «Кант» аба майданына Орусиянын авиабазасын жайгаштыруу тууралуу келишимге быйыл 22-сентябрда Москвада кол коюлган. Ага ылайык «Кант» аба майданына Орусиянын 500гө жакын аскер кызматкерлери жана 20дан ашуун аскер учагы жайгаштырыла тургандыгы маалымдалган.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG