Биринчи тополоң шаршемби күнү шайлоо участкалары жабылган соң “Мусават” партиясынын кеңсесине жакын жерде башталды. Андан көптөгөн адамдар жабыркады, жыйырмадай полицменди да аламан топ ылайдан бетер ийлеп салышты. Демонстранттарды полициянын союл-сокмогунан алакчылаганы эл аралык байкоочулар арага түшүп, ортодо бөөдө токмок жеп калышты. ОБСЕлик делегациянын мүчөсү Ханна Хорошемович-Гродеска бийликтердин зөөкүрдүгүнө өзгөчө ачуусу келди: “Эгер мындай иш менин өлкөмдө - Польшада болгондо, мен муну бийликтин өз элине каршы жасаган согушу демекмин”, - деп айтты ал.
Бейшембиде тополоңдор кайра уланды. Өкмөт үйүнүн алдындагы Эркиндик аянтына бир нече миң киши кирип келип, полициянын машиналарын,аскер техникаларын, коомдук бир нече транспортту аласалдырып, талкалап салышты. Демонстранттар “Мусават” партиясынын лидери Иса Гамбарды Азербайжандын жаңы президенти деп жарыялап,анын атын айтып, ураан чакырышты. Полиция адегенде алдастап, айрымдары алдаалап качып беришти. Бирок аларга кошумча аскер бөлүктөрү жардамга келип, демонстранттар кууп таркатылды. Бет келгендин баары, алардын ичинде аялдар, жаш балдар токмоктолуп,ондогон кишилер жабыркады. Ырасмий бийликтер полиция митингди таркатканы желим ок, кур дүрмөт колдонду деп ырасташты.
Башкаруучу “Ени Азербайжан” партиясынын аткаруучу катчысы Али Ахмедов тополоң маалында бир жаш бала жана улгайган бир аял набыт болгонун билдирди. Башка бир такталбаган маалыматтарда кагылышта эки тараптан баары болуп бери дегенде үч, ары барганда сегиз киши мерт болгону айтылды, бирок муну азырынча ырасмий бийликтер ырастай элек. Полиция менен аскерлерден атүгүл кабарчылар, алардын ичинде чет элдик журналисттер да азар көрүштү.
“Ени Азербайжан” партиясынын лидерлери Бакудагы тополоңду “таякчандар менен ташбараңчылардын” козголоңу деп аташты. Алардын айтымында, оппозиция шайлоодо утулуп калганын моюнга алгысы келбей, бийликти күч менен басып алганга аракет кылды. ”Мусават” партиясын алар көчөгө атайын даярдалган куралдуу топторун алып чыкты деп да айыпташты.
Бакуда жагдай биртке жайына келгенсиди, бирок жалпысынан коогалуу кырдаалдын маанайы сакталып турат. Оппозиция бийликтердин акыркы кадамдарына башка да акциялар менен жооп кайтарышы ыктымал.