Бул маселеде Вашингтон администрациясына кысым жасоону өтүнүп, европарламенттин депутаттары учурда Евросоюзга төрагалык кылып жаткан Италияга кайрылышты. Депутаттар террорчулук иштерге катышы бар деп айыпталып, Гуантанамодо туткунда жаткан алты жүздөн ашуун европалык тургундар же бошотулушу керек болбосо сотто жоопкерчиликке тартуу үчүн союздун өлкөлөрүнө өткөрүлүп берилиши зарыл деп эсептешет. Гуантанамодогу туткундардын көпчүлүгүн америкалык аскерлер Ооганстандагы операциялар маалында колго түшүрүшкөн.