АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл жана Мисирдин президенти Хосни Мубарак Кызыл деңиздин жээгинде жолугуп, Жакынкы Чыгыш чатагын жөнгө салуу жолдорун талкуулашты. Маалымат агенттиктери кабарлагандай, эки тарап анда палестин аймактарында террорчулукка каршы чындап күрөшө турган күчтүү өкмөт түзүү аракеттерин улантууну макулдашышты.