Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:11

Иракта америкалык тикучма кыйрады, анын ракета менен атып түшүрүлгөнү болжолдонууда


АКШнын согуштук тикучмасы Фаллужа шаарынан Багдадга баратканда орун алган кырсыктын курмандыктары тууралуу АКШ армиясынын маалымат катчысы полковник Уиллиам Дарлей мындай деди:
– Кыйроонун натыйжасында 15 киши согуш үстүндө курман болду, 21и – жарадар, Жараат алгандар түгөл оорукага жеткирилди.
Курмандыктар негизинен – эки жумага үйүнө эс алууга бараткан америкалык аскерлер экендиги айтылууда.
АКШнын Коргонуу катчысы Дональд Рамсфельд мындай
чабуулдарга карабастан, Вашингтон Иракты турукташтыруу
аракеттерин улантат деп билдирди жана тикучманын кыйрашына байланыштуу буларды кошумчалады:
- Эки тикучманын бири ракета менен атылган деп айтып жатышат, бирок кайсынысы атылганын мен билбейм. Мындай көтөрүп жүрүүгө ылайыкташтырылган ракеталарды оңой эле тапса болот. Алар менен учактарды жана тикучмаларды атып түшүрүү мүмкүн.
Бүгүн ошондой эле Багдада бомба жарылып, америкалык бир кайгуулчу каза тапты. Ал эми Фаллужада АКШ армиясынын кербени бараткан жолдо бомба жарылды. Мындагы жоготуу тууралуу маалымат болгон жок.

XS
SM
MD
LG