Конституциялык комиссия бүгүн Кабулда документти президент Хамид Карзайга салтанаттуу жагдайда тапшырды. Ал эми декабрь айында оогандардын жалпы улуттук жыйыны –Лоя Жиргада талкууланат.
Конституция долбоорунда өлкөнү жетектөөдөгү негизги роль президентке жана эки палаталуу парламентке ыйгарылган. Премьер-министрдин кызматы киргизилбейт. Мамлекет башчысы жалпы эл тарабынан шайланат. Мындан сырткары Конститутциялык комиссия өкүлдөрүнүн биринин билдиргенине караганда, долбоордо ислам дининин ооган коомундагы маанилүү ролу таанылган, бирок шарият мыйзамдары жөнүндө сөз болбойт.