Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

АМЕРИКАЛЫК КОНГРЕСС ИРАК ЖАНА ООГАНСТАН ҮЧҮН КОШУМЧА КАРАЖАТ БӨЛДҮ


Нарын АЙЫП, Прага 3-ноябрда Америка Кошмо Штаттарынын Сенаты - АКШнын өзүндөгү жана дүйнөдөгү шашылыш аракеттер үчүн президент Жорж Буш сураган 87 жарым миллиард доллар кошумча каражат бөлүүгө макул болду. Анын басымдуу бөлүгү Ирак менен Ооганстандагы абалды калыбына келтирүү үчүн жумшалат.

Америкалык Конгресс Ирак жана Ооганстан үчүн кошумча каражат мурда да бөлгөн - апрелдеги чечим менен бул эки өлкөгө 79 миллиард доллар чегерилген жана анын 62 миллиард 400 миллион доллары ал кезде согуш жүрүп жаткан Иракка багытталган. Бирок 7-сентябрда президент Буш дагы 87 миллиард доллар сураган.

Бул акчанын 64 миллиард 700 миллион доллары Ирак менен Ооганстандагы аскерий аракеттер үчүн жумшалат, анын 51 миллиарды Ирактагы аскерий аракеттер үчүн жана 18 миллиард 600 миллиону өлкө экономикасын жандантуу менен Ирак өкмөтүн колдоо үчүн бөлүнгөн. Андан тышкары, 500 миллион доллар - АКШнын өзүндөгү табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу үчүн жана 245 миллион доллар - Африканын Либерия мамлекетиндеги абалды калыбына келтирүү үчүн пайдаланылат. Бөлүнгөн акчанын кайсы бир бөлүгү - Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейн жана "ал-Каида" аттуу эл аралык террордук уюмдун башчысы Усама бин Ладенди кармоого көмөктөшкөндөр үчүн сыйлык берүү үчүн, дагы бир бөлүгү - Ирак элине араб тилинде радио уктуруу даярдоо үчүн жумшалмакчы.

Чечимди Конгресстин төмөнкү палатасы өткөн аптада жактырган, 3-ноябрда болсо аны Сенат бекитти. Кээ бир сенаторлор менен конгрессмендер президент Буштун Ирактагы саясатын сынга алып, абал улам барган сайын начарлап баратканын белгилешти. Мисал үчүн, сенатор Ричард Бөрддүн пикиринде, өкмөткө кошумча каражат бөлүү менен Конгресс АКШ менен европалык мамлекеттер ортосундагы пикир келишпестикти ого бетер күчөтүүдө. Бирок көпчүлүк сенаторлор - эгер АКШ өзүнүн Ирактагы саясатын кескин өзгөртсө, анда ал террорчулардын жеңиши катары бааланышы мүмкүн деген пикир айтты.

Ошондуктан Иракта 2-ноябрда америкалыктарга каршы уюштурулган ири чабуул АКШ саясатын ого бетер катуулантты деп айтканга да негиз бар. Фаллужа шаарынын алдында колго көтөрүп жүрүүчү ракеталык системадан америкалык бир тик учма атып түшүрүлгөндөн 16 аскер курман болуп, дагы жыйырмасы жараат алды. Буга чейин америкалык аскерлер бир чабуулдан мынчалык оор жоготууга дуушар болгон эмес.

Анткен менен президент Буш 3-ноябрда Алабама штатында чыгып сүйлөп, АКШ өз саясатын өзгөртпөйт деп билдирди:

- Ирактагы биздин душмандар Америка качып кетет деп ойлойт. Ошондуктан алар карапайым адамдарга, куткаруучуларга жана коалициялык аскерлерге чабул жасап жатат. Бирок Америка эч качан качпайт. Өлкөнү коопсуз кылуу үчүн эмне керек болсо, Америка ошону жасайт.

2-ноябрдагы тик учма Орусияда өндүрүлгөн "Стрела" же "Игла" аттуу аспаптардан атылышы мүмкүн жана америкалык аскерлер азыр өлкөнүн ар башка аймактарын тинтип, андай аспаптар же алар аткан ракеталарды издөөгө салууда. Ошол эле 2-ноябрда дагы башка куралдуу кагылышуулардан дагы төрт америкалык аскер курман болду жана 20-мартта согуш башталгандан бери Иракта өлгөн америкалык аскерлердин саны 377-ге жетти. Алардын 252-си куралдуу кагылышуулар учурунда ажал тапты, бирок анын жарымынан көбү - 139 аскер - согуш аяктады деп жарыяланган 1-майдан бери курман болду.

Аскерий эмес кырсыктардан өлгөн америкалык солдаттардын саны дагы согуш учурундагыдан согуштан кийин көп болууда - 1-майдан кийин 102 аскер набыт болсо, 20-марттан 1-майга чейин 23 солдат өлгөн. Улуу Британия болсо Иракта бардыгы болуп 51 аскер жоготту, алардын он тогузу куралдуу кагылышуулардан курман болду, бирок ал 19 аскердин он бири 1-майдан кийин өлдү.

XS
SM
MD
LG