- Анткени алардын башкы максаты - болочок парламентте 2/3 добуш ала тургандай күч топтоо. Эгерде алар өз максатына жетсе, Конституцияга каалагандай өзгөртүү киргизээри шексиз, - дейт Ишенбай Кадырбеков.
Ал эми депутат Исмаил Исаковдун айтымында, Аскар Акаев кийинки жолу президенттик шайлоого катышпайт. Бирок ал тымызын түрдө бир палаталуу парламентти жетектеп калууга эмитен кам көрүүдө.
- Болочок парламентке бийликти жактаган адамдар көп келсе, алар келечекте Конституцияны дагы өзгөртүшөт. Натыйжада парламентке жетишээрлик ыйгарым укук берилет да, Аскар Акаев спикер болот. Бийликти жактаган партиялардын жанданышын ушундайча түшүндүрүүгө болот, - дейт Исмаил Исаков.
Өкмөттүк партиялардын биригиши тууралуу «Атамекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев төмөнкүдөй пикирде:
- Кыргызстанда, өзүңүздөргө белгилүү, мажоритардык шайлоо ыкмасы колдонулат. Ошондуктан бийлик өкүлдөрү бир мандаттуу шайлоо округдарынан өз талапкерлерин парламентке көп өткөрүшү мүмкүн. Мындан тышкары, аткаруу бийлиги акчанын жана жергиликтүү бийликтин күчү менен болочок парламенттен 70% орун алууга жетишет. Анткени оппозиция өкүлдөрүнүн мындай мүмкүнчүлүктөрү жок.
Ал эми президенттин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы өкүлү Чолпонкул Арабаевдин пикиринде, Конституциянын жаңы редакциясы боюнча өлкөдөгү саясий партиялар Жогорку Кеңешке талапкерлерди көрсөтүүгө укугу бар. Ошондуктан өлкөдөгү саясий партиялар 2005-жылдагы парламенттик шайлоого даярдык көрүш үчүн өз аракеттерин жандандырышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Өкмөттүк партиялардын мындай аракетин башкача түшүндүрүү туура эмес.