Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:35

АКШ президенти төрт күндүк мамлекеттик визит менен Британияга сапар алды


Бүгүн кечинде Жорж Буш жубайы Лора Буш менен британ ханышасы Елизаветанын кабыл алуусунда болот. Андан сырткары АКШ президенти эртең британ коомчулугунун өкүлдөрү алдында сөз сүйлөп, премьер-министр Тони Блэр менен жолугушуу өткөрөт. Президент Буштун визити маалында ыктымал террордук чабуул, же Ирактагы согушка каршы өтчү нааразылык акциялары башаламан аракеттерге алып келбесин деп миңдеген британиялык жана америкалык коопсуздук кызматкерлери Лондондун башкы көчөлөрүн күчөтүлгөн күзөтүүгө алышты.

XS
SM
MD
LG