Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

ТҮРКИЯ ТЕРРОРДУК ЧАБУУЛДУН КЕСЕПЕТТЕРИН ТАЛКУУЛООДО


Аким Өзгөн, Измир, Түркия Стамбул шаарындагы террордук жардыруулардын кесепеттери тууралуу талкуулар коомдо улантылууда. Коопсуздук органдары бул терракттарды иликтөө жумуштарын улантып жаткан кезде, өлкөнүн ири шаарларында террорду айыптаган демонстратсийалар уйуштурулду.

Түркийа коомчулугу Стамбул шаарында бир жуманын ичинде ишке ашырылган серийалуу террордук чабуулдардан улам пайда болгон “дүрбөлөң жана дендароо толкунунан” арылуунун чараларын издеп жатат. Нойабрдын 15и жана 20сы күндөрү 15 миллион адам жашаган метропол Стамбулдун айрым райондорунда ишке ашырылган 4 террордук жардыруунун натыйжасында 50дөн ашык адам өлүп, жүздөгөн инсандар жарадар болду. Жоопкерчилигин «ал-Каида» террор түйүнүнө караштуу «Абу Хафс ал-Мысри» аталган террордук уйум өзүнө алган жардырууларды аталган уйумдун Түркийадагы жалданма жанкечтилери ишке ашыргандыгы аныкталды.

ПКК аталган күрттөрдүн сепаратисттик уйумуна каршы 20 жылдай убактан бери күрөш жүргүзүп келаткан Түркийа террордун караңгы элеси менен жакынтан тааныш болгонуна карабастан, өлкө улуттар аралык байланышы болгон террор менен алгачкы жолу беттешип олтурат. Ишемби күнү Түркийанын чоң шаарларында, анын ичинде Стамбул, Анкара жана Измирде бейөкмөт уйумдардын демилгеси менен демонстратсийалар уйуштурулуп, кийинки террор актылары “Зомбулук жана Террорго Каршы Тынчтык” деген ураандын астында айыпталды. Бирок, кийинки жардыруулардын үрөй учурган көрүнүштөрүнө сыналгы аркылуу күбө болгон элдин жүрөгүнүн үшү алынгандан болсо керек, демонстратсийаларга күтүлгөндөй ири масштабда эл катышпай калды.

Кийинки жардыруу окуйаларынын артынан өлкөдө медйанын ролу жана жоопкерчилиги жөнүндө да талаш-тартыш күч алды. Бийлик чөйрөлөрү, тергөө жумуштарынын жүрүшүн үзгүлтүкө учуратып, элди дүрбөлөңгө салып жатат деп, айрым кабарлардын берилишине тыйуу салды. Кийинки жардырууларда каза болгон эки полициячынын сөөгүн койуу каадасы учурунда, Стамбул шаарынын полиция башкармасынын төрагасы Желалеттин Жеррах: “Биринчи жардыруу окуйасынан кийин, жанкечтилердин изин жана катнаштарын тапкан элек; бирок басмасөз алдын ала жар сала койгондуктан улам, аларды колдон качырдык. Эгерде медиа жоопкерчиликти сезүү менен өз ишин алып барганда, кийинки жардыруу ишке ашпай, 30 киши да курман болбойт эле”, - деп айтып, медиага олуттуу доомат койду. Бул болсо, журналисттер жана басма сөз кеңештери тарабынан “басма сөз эркиндигине одоно кийлигишүү” катары бааланып, өкүмөт басма сөздү ооздуктоого далаалат кылган тарап катары сынга алынды.

“Бул жанкечти террор аракеттеринин чыныгы бутасы ким”? деген суроо дагы, медиада жана сайасий чөйрөлөрдө кескин талаш-тартыштарды пайда кылды. Айрым комментаторлор жана террор бойунча адистер: “Бул террор толкунунун бутасы, Израил менен тыкыс байланышта болгон, ошондой эле, Ирак бойунча АКШнын тарабын колдогон Түркийа” деген пикир айтышса, айрымдары, бута катары Израил жана Британийаны жана жалпысынан батыштык өлкөлөрдү көргөзүштү.

Улуттук коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйылышы жума күнү өткөрүлүп, анда дагы күн тартибиндеги башкы тема жардыруу окуйалары болду. 5 жарым саатка созулган кеңештин жыйылышынан кийин жарыйаланган билдирүүдө, Түркийа бетме бет келип жаткан бул терракттар улуттар аралык мүнөздө экендиги белгиленип, ага каршы күрөш үчүн улуттар аралык кызматташтыкты өөрчүтүүнүн зарылчылыгы жөнүндө билдирилди.

Түркийанын бийлик чөйрөлөрү, Бириккен Улуттар Уйумунун Коопсуздук Кеңеши тарабынан Стамбулдагы терракттар менен байланыштуу кабыл алынган атайын резолюцийаны канааттангандык менен кабыл алышты.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин бейшемби күнү кабыл алынган 1516 номердүү резолюцийасы Түркийага өзүн-өзү коргоонун мыйзамдуу чеги ичинде террорга каршы күрөшүү, ошондой эле, керек деп тапса, террористтердин изин кууш үчүн чегаралардын сыртына аскер жиберүү укугун берет. Резолюцийада Коопсуздук кеңеши 2001-жылдын 28-сентийабр күнү бекиткен 1373 номердүү токтомуна шилтеме жасалды. Белгилүү болгондой, ошол токтомго тайануу менен АКШ Ооганстанга чабуул койгон эле…

Стамбулдагы кийинки жардыруулар кескин түрдө сынга алынган резолюцийанын долбоорун БУУнун Коопсуздук кеңешине Чили сунуш кылып, бул сунуш кеңешке мүчө 15 өлкө тарабынан бир дооштон кабыл алынды. Кеңешке мүчө болбогон Түркийанын демилгеси аркылуу ишке ашкан добушка койуулар, БУУнун чөйрөлөрүндө “дипломатийалык жеңиш” катары бааланды.

Мындан сырткары, Европа Биримдиги менен бир катарда, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү Түркийага көңүл айтышып, тилектештик сезимдерин билдиришти. Британийанын тышкы иштер министири Жэк Стро Стамбулга келип, Түркийанын Евробиримдикке мүчө болуу жаатындагы сүйлөшүүлөрүнүн датаасын эртереек бир убакытка жылдыруу жөнүндө үндөдү. АКШнын президенти Жорж Буш болсо Түркийанын жери Евробиримдик экенин айтып, Түркийага ар кандай жардам берүүгө өз өлкөсүнүн дилгирдиги тууралуу оюн кайталады.

XS
SM
MD
LG