Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Москвада университеттин жатаканасын каптаган өрт 32 студенттин өмүрүн алып кетти


Москванын бийликтери бүгүн таңга маал университеттин жатаканасында орун алган өрттөн 32 адам каза таап, дагы 100дөн ашуун киши жарадар болгонун маалымдашты. Өрт – Патрис Лумумба атындагы Элдердин достугу университетинин беш кабаттуу жатаканасында студенттердин көбү уктап жатканда башталган. Орусиялык "Интерфакс" агенттиги шейит кеткен жана жабыр тарткан студенттер арасында Кытай, Бангладеш, Вьетнам жана бир катар Африка өлкөлөрүнүн атуулдары бар экенин маалымдады. Москванын мэри Юрий Лужков кырсык – имараттын эскирген электр системасына байланыштуу келип чыккан болуу керек деген пикирде.

XS
SM
MD
LG