Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Куловго байланыштуу коомдук угуу өткөрүүгө жай жок


БИШКЕК. Бишкектеги тарых музейинин жетекчилиги күн мурун макулдашылганына карабай Феликс Куловго байланыштуу коомдук угуу өткөрүүгө 4-декабрда жай берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу бейшембиде «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова маалымдады. Анын кабарлашынча, Феликс Кулов саясий себептерден улам камалды жана музей жетекчилиги жогорку бийлик өкүлдөрүнүн тапшырмасы менен имарат берүүдөн баш тартышты. Ал эми музей жетекчилиги болсо өздөрүнүн мындай аракетин жакынкы күндөрү музейде башка иш-чаралар өткөрүлөрү менен түшүндүрүштү. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун демилгеси менен 29-30-ноябрда Бишкекте «Куловго боштондук» деген темада коомдук угуу өткөрүүнү белгилеген. Аткаруу бийлиги ылайыктуу жай бербегендиктен мындай иш-чара өткөрүлбөй келет.

XS
SM
MD
LG