Литва президенти Роландас Паксастын АКШда болчу ырасмий сапарын кийинге калтырды.
Р.Паксас дүйшөмбү күнү Вашингтондо президент Ж. Буш менен жолукмак.
Кечээ күнү парламенттик комиссия ага каршы импичмент жараянын даярдай баштаган. Паксас менен анын жардамчыларына уюмдашкан кылмыш топтору менен байланышып, Литванын коопсуздугуна коркунуч жаратты деген күнөө тагылууда.
Бүгүн Литванын Конституциялык сотунда Паксастын орус ишкери Ю. Борисовас менен болгон байланышы жөнүндө угуулар болуш керек.
Б. Борисовас Суданга каруу жарак сатты жана россиялык мафия менен байланышы бар деп күнөөлөнүүдө.