Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Германиянын канцлери Казакстандын немец диаспорасы менен жолукту


АСТАНА. Казакстан менен Германиянын ортосундагы байланыштарды чыңдоо максаты менен Казакстанда жүргөн немец канцлери республиканын немец диаспорасы менен жолукту. Жолугушуу учурунда канцлер Герхард Шрөдер эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды чыңдоодо Казакстандын немец диаспорасына данакердин ролу таандык экенин белгиледи. Советтер Союзу кыйрагандан бери Казакстандан тарыхый ата мекенине 800 миң немец көчүп кетти. Азыр Казакстанда дагы 200 миң немец кала берүүдө. Канцлер Герхард Шрөдер эки өлкөнүн ишкер байланыштарын чыңдоонун маанисин баса белгилеп, Германия Казакстандын минералдык ресурстарын иштеткенге кызыкдар экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG