ТБИЛИСИ. АКШнын коргоо министри Доналд Расмфелд бүгүн Грузиянын баш калаасында өлкөнүн жетекчилери менен жолугушту. Тбилисиде өткөргөн маалымат жыйынында министр, Россияны өз убадасына бек туруп, Грузиядан аскерлерин чыгарып кетүүгө үндөдү. Стамбул келишимдерине ылайык, Россия Грузияда советтик доордон калган аскердик базаларынын экөөнү жабууга жана башка базалардагы аскерлерин чыгарып кетүүгө убада берген. Бирок акыркы эки аскердик базаны жабуу жөнүндө али эч кандай келишим жетишиле элек. Рамсфельд Грузияны Батыш менен жолдоштук мамиледе кала берүүгө чакырып, Грузиядагы президенттик жана парламенттик шайлоонун эркин болуусун кубаттады.