Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:49

«Ысыккөл» ооруканасына эл аралык уюмдар колдоо көрсөтүүдө


Облустун Жетиөгүз районундагы «Ысыккөл» ооруканасынын башкы дарыгери Замира Карасартованын айтымында, аларга республикалык бюжеттен дары-дармектер, тамак-аш жана медициналык кызматкерлердин эмгек акылары үчүн гана акча каражаты бөлүнөт. Башкача айтканда, кургак учук илдетине кабылгандарды толук дарылоо үчүн бөлүнгөн бул акча каражаты менен бардык көйгөйлүү маселени чечип алууга болбойт. Ошондуктан, эл аралык коомдук уюмдарга кайрылууга аргасызбыз,-- дейт башкы дарыгер. Анын маалыматына караганда, Бүткүл дүйнөлүк банктын материалдык колдоосу аркылуу ооруканага электр подстанциясын орнотуу маселеси чечилди. Ал эми Түштүк кореялык «Тандем» аттуу фирманын демөөрчүлүгү менен күнөскана курулуп, өткөн жылдан бери бул жерде дарыланып жатышкан оорулуулар жайдыр-кыштыр жашылча менен камсыз болушууда. Ошондой эле кореялык ишкерлер жергиликтүү дарыгерлерге медицинанын салттуу ыкмаларынан тышкары жугуштуу илдеттерди алдын алууга боло турган элдик ыкмаларды үйрөтүшүүдө.


Кабарлар топтомун Бишкектен Азиза Турдуева даярдады.

XS
SM
MD
LG