Ноябрь айында башталган кадрдык жаңылануулар декабрь айында улантылып жатат. Өлкөнүн экинчи борбору Ошту жаңыдан эле өздөштүрүп, ишти жаңыдан эле жолго кое баштаган шаар башчысы Жантөрө Сатыбалдиев күтүүсүздөн жаңы жумушка которулуп, анын ордуна эң «майлуу» мамлекеттик орган болуп эсептелген Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы жетекчиси Сатыбалды Чырмашев келди. Эми жарым ай бош турган бул министрликти Темирбек Акматалиев жетектеп калды. Баткен облусун 4 жылдан ашуун жетектеп келген Мамат Айбалаевдин ордун финансы министринин мурдагы орун басары Аскарбек Шадиев ээледи. Ысыккөл облусуна жаңы эле көнүшө баштаган учурда губернатор Эмилбек Анапияев башка кызматка которулуп, анын ордуна Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун акими Токон Шайлиева келип, биринчи жолу губернатор кызматы айымдарга ыйгарылды. Бул кадрдык жаңылануунун сырткы гана көрүнүшү. Анын артында жалпы элге билинбеген кандай саясат жатат? Аны талдоочулар да чечмелеп берүүдөн тайсалдашууда. Өкмөт Үйүндөгү айрым кызматчыларга кайрылсак, алар кадр саясатындагы жаңыланууларды мамлекет башчысынын чечкиндүүлүгү, алдыны көрө билгендиги менен түшүндүрүшөт. Ал эми Өкмөт Үйүнүн сыртындагы саясатчылардан сурасак, алар президенттин кадр саясаты эчактан бери жоктугун, бул жакын адамдарын бир орундан экинчи орунга жылдыруу гана экенин, мындан калк турмушу оңолуп кетпесин айтышат.
Айрым саясатчылар Темирбек Акматалиевдин жаңы кызматка келишин Аксы окуясы эл арасында унутулуп, аксылыктардын тынч турмушка өтүшү менен байланыштырышат. Азыр «Аксы окуясынан улам кызматтан чегинген айрым адамдар кайрадан бийлик сересине келет» деген пикирлер да жок эмес. Анын үстүнө мурдагы ички иштер министри Темирбек Акматалиев тууралуу «Аксы окуясында эч кандай күнөөсү жок» деген акыркы тыянакты ошол кездеги башкы прокурор Чубак Абышкаев сотко чейин эле чыгарып бергени коомчулукка маалым.
- Тергөөдө баары көргөзүлгөн. Акматалиев тарабынан бир дагы чечим кабыл алынган эмес. Окуянын болгонуна эч кандай тиешеси да жок. Керек болсо Акматалиевдин моралдык күнөөсү жок, - деп ошол кездеги башкы прокурор, азыркы Чүй облустук сотунун төрагасы Чубак Абышкаев акыркы сөзүн айткан болчу. Андыктан айрым саясатчылар «мамлекеттик каражат өтө көп «жуулуп» турчу бул министрликти Темирбек Акматалиевдин жетектеп калышы анын мамлекет башчысынын командасындагы эң жакын адамдын бири болгону менен байланыштуу» деп бышыкташат.
Чындыгында жетекчи кадрлардын тез-тез алмашып турушу өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө терс таасир тийгизээрин бийлик өкүлдөрү өздөрү да ырастап келишет. Жаңыдан эле Ысыккөл облусун жетектей баштаган Токтон Шайлиева облусту гүлдөтүш үчүн кеминде беш жыл керектигин жашырбайт. Биз ага: «Губернаторлор бир-эки жылда эле жаңыланып турат, сиз ишти жолго коюш үчүн канча убакыт керек?»- деп суроо берсек Токон Шайлиева:
Беш жыл керек. Кудай буюрса, беш жылда аман-эсен болсок, Ысыккөлдүн тегереги гүлдөйт, - -деп жооп берди.
Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Бектур Асановдун пикири боюнча, президенттин мындай кадр саясаты менен эч нерсе өзгөрбөйт.
- Менин оюмча, кадрларды биринин ордуна экинчисин коюп, орун алмаштырганы менен эч нерсе өзгөрбөйт, - деп эсептейт Бектур Асанов. - Президент бир эле Темирбек Акматалиевди эмес, буга чейин Чубак Абышкаевди облустук соттун төрагасы кылып которуп жиберген. Окуяга тикеден-тике күнөөсү бар Калмурат Садиевди Чегара кызматынын жетекчиси кылып которуп жиберген. Менин оюмча, президент мурдагы эле саясатын улантып жатат. Президенттин саясатында, өзгөчө кадр саясатында эч кандай өзгөрүү болгон жок.
Ошентип, коомдук пикирге караганда, президенттин кадр саясатында эч кандай жаңылануу болбой, мурдагы эле жетекчилер бир орундан экинчи орунга которулуп, орун алмаштыруудан жаңы бир өзгөрүүлөр сезилбей келет.