Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:22

КЫРГЫЗСТАНДА АДАМ УКУКТАРЫНЫН ЖАЛПЫ ДЕКЛАРАЦИЯСЫНЫН КАБЫЛ АЛЫНГАН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ


10-декабрда Кыргызстанда Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынышынын 55 жылдыгына байланыштуу иш-чаралар болуп өттү. Бул күнү Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңештин тушоосу ырасмий кесилди. Анын мүчөлөрүнүн айтымында, бийлик тарабынан өлкөдө адам укуктарын коргоо боюнча бир катар алгылыктуу иштер жасалып жатат. Бирок, ушул эле күнү маалымат жыйынын өткөргөн Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу мамлекеттик кызматкерлер тарабынан адам укуктары өтө көп бузулуп жаткандыгын айтты.

Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы мындан 55 жыл мурда Адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алган. Кийин бул документ дүйнөдө адам укуктарын жана эркиндигин коргоо боюнча жасалган бир топ иштерге түрткү болгону маалым. 10-декабрда Кыргызстандын коомчулугу да декларация кабыл алынган күндү белгиледи. Алсак, Президенттин алдындагы Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңештин тушоосу кесилди. Аталган коомдук кеңеш иштеп чыгып, кыргыздардын 2-дүйнөлүк курултайында кабыл алынган «Демократиялык кодекстин» жарыкка чыгышы да 10-декабрда ырасмий жарыяланды. Бул жыйынга келген Президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаковдун айтымында, өлкөнүн жетекчилиги жүргүзүп жаткан иштердин негизинде - адам укуктарын коргоо боюнча саясат жатат.

- Кыргызстан - өсүп-өнүгүүнүн демократиялык жолун тандап алган, - дейт Болот Жанузаков. - Президент Аскар Акаев жүргүзүп жаткан саясаттын эң орчундуусу ушул. Мына бүгүн Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңештин жана «Демократиялык кодекстин» тушоосу кесилип жатат. Анын ушул күнгө туш келиши, алардын иштей баштаганы бул – демократиянын шарапаты.

Жыйында сөз сүйлөгөн Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынганын күнүнө карата президент Аскар Акаев БУУнун баш катчысы Кофи Аннанга кат жолдогонун билдирди. Ал катта, Осмонакун Ибраимовдун айтымында, Кыргызстандын жетекчилиги адам укуктарын коргоо боюнча «уникалдуу» бир топ иштерди жасаганы белгилеген. Мындай «уникалдуу иштерге» «Кыргызстан адам укугун урматтаган өлкө», «Кыргызстан –жалпыбыздын үйүбүз» деген ураандардын ташталганы жана Демократиялык кодекстин кабыл алынганы кирет.

Демократиялык коопсуздук боюнча коомдук кеңештин мүчөсү Осмон Тогусаковдун айтымында, Демократиялык кодекс алгач 2000 нуска менен жарыкка көрдү жана аны жакын арада 250 миң нуска менен чыгарып, элге таратуу болжолдонууда. «Демократиялык кодекс кыйшаюусуз аткара турган мыйзам эмес, ал - атуулдук коом менен мамлекеттин ортосундагы мамиленин эрежеси» дейт Осмон Тогусаков:

- Кодекс десе эле эл аны мыйзам катары карайт экен. Ал демократия тууралуу бир жыйынтык. Башкача айтканда, биз атуулдук коомду жана демократияны куруп жаткан соң ар бир адам ошол жаңы шартта өзүн кандай алып жүрүш керек, коомдун мүчөлөрү менен мамлекеттин ортосундагы мамиле кандай өнүгүшү керек дегенди гана түшүндүрөт бул «Демократиялык кодекс».

«Конституциянын өзүн сактабай туруп, «Демократиялык кодекс» сыяктуу документтерди ойлоп табуудан өлкөнүн абалы оңолуп кетпейт» деген пикирди кармангандар да аз эмес. Алсак, Кыргызстандын коммунистери партиясынын лидери Клара Ажыбекованын ою ошондой:

- Минтип атайлап кодекс кабыл алуунун эч кандай кажети жок. Себеби, демократияны коргогон Конституция бар, парламент кабыл алган мыйзамдарыбыз бар. Эл да, мамлекет башчыларыбыз да аларды бузбай, аткарса, ошондо өлкөдө анык демократия орнойт.

Клара Ажыбекованын мындай пикирин укук коргоочу Турсунбек Акун да колдоого алды.

- Мыйзамсыз кодекс болуп эсептелет, -деген сынын айтат укук коргоочу Турсунбек Акун. - Анткени, ал - улуту кыргыз болгону менен, башка мамлекеттин атуулдары тарабынан кабыл алынды. Бийлик «Кыргызстан – адам укугун урматтаган өлкө» деп жарыялаганы менен, бул багытта жасалып жаткан иштердин бардыгы жасалма болуп атат.

Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун айтымында, адам укуктарынын сакталышы боюнча Кыргызстандагы абал коңшуларга караганда түзүк болгону менен, демократиялык маданияты калыптанган мамлекеттерге жетиш үчүн көп иштерди жасаш керек:

- Бүгүнкү күндө сот органдарынын жана укук коргоо мекемелеринин аракеттерине нааразылык көп. Ошондуктан, көзкарандысыз, эркин сот системасын курушубуз керек. Ички иштер министрлигинде, прокуратурада, Коопсуздук кызматында адилеттикти орнотпосок, алардын ишине атуулдардын көбү нааразы.

Акыйкатчынын аппараты түзүлгөн бир жылдан бери 8000ден ашуун атуулдардан арыздар кабыл алынган. Алардын көбү тартип коргоо органдарынын ишине нааразы болгондор.

Турсунбай Бакир уулу жакында мамлекет башчысына өлкөдө адам укугун коргоо күнүн жыл сайын декабрдын экинчи аптасынын жума күнүндө белгилөө сунушу менен кайрылган. «Өлүм жазасын колдонууга мораторийди жыл сайын узартып отурбастан, мындай жазаны колдонуудан биротоло баш тартканыбыз жакшы. Анткени, бул кадам «Кыргызстан – адам укуктарын урматтаган өлкө» деген ураанга төп келмек» деп кошумчалады өлкөнүн Акыйкатчысы.

XS
SM
MD
LG