Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:34

Россия менен Кытай аскерий чөйрөдөгү кызматташтыкты арттыруу жөнүндө макулдашышты


Бүгүн Россиянын коргоо министри Игорь Иванов кытайлык кесиптеши Чао Ганчуан менен болгон жолугушуусу маалында эки өлкө ортосундагы аскерий кызматташуу соңку жылдары өскөнүн белгиледи.
Иванов ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин коопсуздук күчтөрүнүн алгачкы машыгуусу быйыл Кытайда өткөнүн баса көрсөттү. Уюмга аталган эки өлкөдөн тышкары Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстан кирет.
Бир жумалык визит учурунда кытайлык министр бир катар маселелерди, анын ичинде курал сатып алууну талкуулайт. Ганчуан Санкт-Петербург менен Нижний Новгороддогу аскерий заводдорго да барат. СССРдин артиллериялык академиясынан таалим алган министр эки армия ортосундагы тажрыйба алмашууну өөрчүтүүгө үндөдү.

XS
SM
MD
LG