Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:17

Иран бийликтери куралдуу оппозициянын мүчөлөрүнө мунапыс жарыялаганга даяр


Президент Мохаммад Хатами кеп баарыдан мурда “Элдик можахеддер” деп аталган куралдуу топ тууралуу болуп жаткандыгын тактады. Ким кылмыш жасабаса, алар мунапыс алышы керек, ал эми Ирандагы диний режимге каршы куралдуу күрөш жүргүзгөндөр адилеттүү сот жоопкерчилигине тартылат, деп айтты Хатами. “Элдик можахеддер” Саддам Хусейндин тушунда Иракты базалап турушкан. Азыркы башкаруу кеңеши бул топтун туткунга алынган төрт миңдей мүчөсүн жыл этегине чейин Иранга өткөрүп берүүнү чечкен эле.

XS
SM
MD
LG