Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:11

Депутаттар кыргыз-өзбек мамилесин кароону башташты


БИШКЕК. «Жалалабад облусунун тартип сактоо органдарынын жетекчилеринин деңгээли ээлеген кызматтарына туура келбейт» деп билдиришти бүгүн айрым депутаттар Мыйзам чыгаруу жыйынынын Мамлекеттик коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда. Жыйында Аксы районунда 10-декабрда болгон жергиликтүү атуулду уурдоого аракет жасоо окуясы каралды. Ал күнү Өзбекстандын күч структураларынын кызматкерлери Кыргызстандын чегарасын мыйзамсыз бузуп киришип, Кербен айылында мыйзамсыз аракеттерди жасап кармалышкан. Бирок, кийинчерээк аларды облустук күч органдары бошотуп жиберишкен.
Отурумга катышкан Тышкы иштер министри Аскар Айтматов ал жетектеген министрлик Өзбекстанга нааразылык нотасын жибергенин айтты. Жыйында белгилүү болгондой, облустук деңгээлдеги жетекчилер Өзбекстандын атуулдарын алар мыйзамдарды бузганына карабай, өлкөнүн жетекчилигине айтпай туруп, бошотуп жиберишкен.
Жыйынга А. Айтматовдон тышкары Чегара кызматынын башчысы Калмурат Садиев, өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Борис Полуэктов, Башкы прокурордун орун басары Рустам Исаев катышты.

XS
SM
MD
LG