Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:19

Баткенде «балаты майрамы» башталды


БАТКЕН. Баткен облусунун Лейлек районунда коңшулаш жайгашкан кыргыз-тажик айылдарындагы балдардын биргелешкен жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү.
АКШнын Эларалык өнүктүрүү боюнча агенттиги каржылаган «Жамааттардын тынчтык демилгелери» долбоору уюштурган бул салтанатка Кыргызстан менен Тажикстандын коңшулаш аймактарындагы 6 айылдан 100дөн ашуун жеткинчектер катышты. «Балаты майрамында» кыргыз - тажик балдары чогулуп ырдап, бийлешип, Аяз ата менен Аяз кыздын жаңы жылдык белектерин алышты. Балаты майрамын өткөрүү үчүн түзүлгөн чыгармачылык топ мындан ары эки өлкөнүн чектеш айылдарын кыдырып, кайрымдуулук концерттерин тартуу кылууну болжошууда.

Кабарларды Бурулкан Сарыгулова менен Бакыт Аманбаев даярдашты.

Редактор – Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG