Ирак. Багдаддагы убактылуу жайгашкан америка-британ администрациясынын имаратынын жанында бейшембиде жардыруу болду. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча жабыр тарткандар жок.
АКШнын аскер кызматынын билдиргенине караганда, коалициялык аскер күчтөрү террорчулар кол салган тарапты авиаучактар менен бомбалашты.
Ал эми Багдаддын түндүгүндөгү Баакуба шаарчасында америкалык аскер кызматынын лагерин белгисиз күчтөр аткылоого алып, 8 жоокер жарадар болгон.