Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:52

Кабулда Лоя Жырганын жыйыны уланууда


Лоя Жырганын жыйыны башталганына үч аптага аяк басты. Кечээги жыйында өлкөнүн Конституциянын даярдалган долбооруна түзөтүү киргизүнү сунуш кылган делегаттардын өтүнүчүн добушка салаардан мурда ага чын эле жетиштүү сандагы адамдар кол койгонун текшерүү чечими кабыл алынган эле. Лоя Жыргадагы пикир келишпестик көбүнесе президенттин ыйгарым укуктарына байланыштуу чыгууда. Франспресс агенттиги делегаттар арасында өз сунушун өткөрүү үчүн экинчи тарап менен соодалашуу бар экенин кабарлады. Кечээ Мазари -Шариф шаарында 200дөй аял Конституцияда президенттик башкару системасы жана аялдар менен эркектердин тең укуктуулугу каралышын талап кылып демонстрацияга чыгышты. Лоя Жырганын жыйынынан түшкөн маалыматтарга караганда, Конституция долбооруна аялдар менен эркектердин тең укуктуулугу атайы белгиленген жобо кошумчаланган.

XS
SM
MD
LG