Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:53

Ооганстандын Кандагар шаарында бомба жарылды


Андан бери дегенде он эки киши мерт болду, алардын арасында сегиз жаш бала, эки аял бар. Дагы элүүдөй адам жарадар болду. Провинциянын полициясы муну террордук акция деп мүнөздөдү. Бул ишти ооган президенти Хамид Карзай кескин айыптап, аны жапайычылык деп атады. Ушул эле күнү Кандагарда ООНдун качкындар боюнча жогорку комиссарынын кеңсеси да аткыланды, полиция жана армия кол салгандарды издеп тапканы атайын операция өткөрүп жатышат.

XS
SM
MD
LG