Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:43

ЖАКЫРЧЫЛЫК ЖАШТАР АРАСЫНДА КӨП


Сапар Орозбаков, Бишкек Көпчүлүк адамдар азыркы заманда баарынан да кары-картаңдарга кыйын болду деп ойлошот. Бирок Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарын карап көрсөк, андай эмес. Анын изилдөөлөрү жакырчылык пенсионерлерге караганда жаштар арасында көбүрөөк кездешээрин көрсөтүп жатат.

Улуттук статистикалык комитет 1996-жылдан бери 3 миң үй-бүлөнү бөлүп алып, жакырчылыкка иликтөө жүргүзүп келет. Бул долбоордун үстүндө иштеген адамдар «башкаларга караганда пенсионерлер жакыр жашайт» деген коомчулукта кеңири тараган пикирди жокко чыгарышат.

- Биздин маалыматтар боюнча пенсионерлер өтө жакыр эмес. Пенсионер эгерде анын балдары же туугандары жок болуп, өзү жалгыз жашаса, жакыр болушу мүмкүн. Бирок алардын, мурда алган үйлөрү, муздаткычтары, телевизорлору жана кийим-кечелери бар. Акча аларга тамак–аш үчүн гана керек. Азыр жаш үй-бүлөлөр кыйналып жатышат. Өзгөчө - жаңыдан үйлөнгөн жаштарга кыйын болуп атат, – дейт Улуттук статистикалык комитеттин үй-бүлө бюджеттерин изилдөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Шамсия Ибрагимова.

Анын айтымында, жаштардын арасында да айырмачылык абдан чоң. Жаштардын ичинде ыңгайлуу шарттар менен салынган үй-жайда жашап, чет өлкөлүк кымбат баадагы машине мингендери да бар. Эч нерсеси жок, нанга жетпей жүргөндөрү да толтура. Жаштардын жашоо шарты ата-энесинин материалдык абалына жана алардын иш менен камсыз болуусуна жараша болот. Ата-энеси жардам бералбаган, иши жок жаштар үчүн өзүнчө түтүн булатып, үй-бүлө куруу кыйын. Аларга мамлекеттен да жардам жок.

- Коңшу мамлекеттерди карап көргүлө. Орусия федерациясында, Казакстанда, Өзбекстанда ипотека жөнүндө мыйзам жакшы иштеп жатат, – дейт Жаштар партиясынын лидери Айдар Бакыев.

Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетте иштегендер жаштарга 14 жаштан 35 жашка чейинки адамдар кире тургандыгын айтышты. Алардын эсеби боюнча өлкөдө 1 млн. 800 миң жаштар бар. Бирок алар да, Улуттук статистикалык комитет да жаштардын канчасы жакшы жашап, канчасы жакыр экендигин, канчасы иштеп, канчасы иши жок көчө таптап жүргөнүн айтып бере алышкан жок.

- Мен муну азыр так айталбайм, – деди Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Бакыт Жекшенов. Бирок комитет мындай маселе бар экендигин билет. Ал мунун үстүндө колдон келишинче такай иш жүргүзүп келет. Комитет Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги менен бирге мындан 6 жыл мурда жаштардын эмгек биржасын түзгөн.

- Эмгек биржасы жана облустардагы биздин жаштар комитеттерибиз аркылуу быйыл 17 миңге жакын жаштар жумуш орду менен камсыз болгон. Республика боюнча алып караганда бул, албетте, аз. Борбор шаарыбызда эле канча жаштар жумушсуз жүрүшөт! Жумуш менен камсыз кылуу биздин комитеттин эле эмес, жалпы мамлекеттин иши, – дейт Бакыт Жекшенов. Анын айтымында, жаштар департаментинин кызматкерлери жөн отурган жок. Алар кошуна өлкөлөргө барышып, ал жерден жаштарга процентсиз насыя берүү тажрыйбасы менен таанышып келишкен.

- Азыр буга байланыштуу мыйзамдын долбоору даярдалып жатат. Ойлогон ой көп. Бирок аны кыстаган турмуш жеңди болбой, каражат маселеси чечилсе, жакшы болоор эле – дейт Бакыт Жекшенов. Ошентип, баары акчага барып такалат.

XS
SM
MD
LG