Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:07

АКШнын Ирактагы администрациясы жарым миң ирактык атуулду түрмөдөн бошотот


БАГДАД. АКШнын Ирактагы утурумдук акимчилиги жарым миң ирактык атуулду түрмөдөн бошотмокчу болуп жатат. Акимчиликтин башчысы Пол Бремердин айтымында, мунапыс зордукчул аракеттерге тийешеси жок түрмө туткундарына гана берилет. Бремер мунапыс ирактыктардын өз ара кайра жарашуусуна данакер болуу максаты менен жарыяланып жатканын белгиледи. Ирактын абактарында кеминде12-13 миң киши бар экендиги маалымдалат.
Ал эми кечээ Ирактын полициясы өлкөнүн мурдагы армиясынын айлык акыларды төлөп берүүнү талап кылып, козголоң чыгарган солдаттарына ок ачып, бир кишини өлтүрүп салышты.

XS
SM
MD
LG