Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Президент Буштун айтымында, Саддамды бийликтен алуу планы илгери эле түзүлгөн


Мексикада америкалык саммитте жүргөн АКШ президенти Жорж Буш алгачкы жолу мурдагы министр Пол О'Нейлдин сынына жооп берип, Ирактын мурдагы жетекчилигин бийликтен алуу ниети чындап эле Буш өзү бийликке келе электе пайда болгонун айтты: "Биздин өкмөттүн Саддам Хусейнге карата жарыяланган саясаты өтө ачык. Мурдагы өкмөт сыяктуу эле, биз анын режимин алмаштырууну каалаганбыз жана 2001-жылдын 11-сентябрынан кийин ал саясатты күчөткөнбүз". Мурда каржы министри болуп иштеген жана былтыр кызматынан кеткен О'Нейл жакында китеп чыгарып, анда - Буш президент болуп жаңы шайланганда эле Саддамды бийликтен кулатууну пландаштыра баштаган деп жазган. АКШ өкмөтү азыр ал китепте жашыруун сырлар жарыяланып кеткен жокпу деген маселени караштырууда.

XS
SM
MD
LG