Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:53

Эларалык уюмдардын көмөгү менен Таластык атуул барымтадан бошотулду


ТАЛАС. Таласта адам соодалоо фактыларына бөгөт коюлууда. АКШнын Улуттук демократиялык институтунун демократияга колдоо көрсөтүү боюнча Таластагы маалымат борборунан 13-январда алынган маалыматка караганда, аталган борбордун көмөгү менен миграция боюнча эларалык уюм Орусиянын Самара шаарындагы кыргыздардын жардамы менен Бакайата районунун тургуну Уулкан Жоробекованы барымтадан бошотуп алышкан. Ал 1995-жылы соода-сатык менен алектенем деп Орусияга кеткен бойдон дареги дайынсыз жүргөн. Көрсө, аны соңку жылдарда Самара шаарында барымтада кармап турушкан экен. Азыр Уулкан Жоробекова дарыланып жатат.

XS
SM
MD
LG