БИШКЕК. 12-13-январда Ташкенде Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын адистери чогулуп, аймактагы суу-энергетикалык маселелерди талкуулашты. Анда негизги көңүл Казакстандын Шардара суу сактагычындагы абалга бурулду. Бул тууралуу шаршембиде «Кыргызстандын электр станциялары» акционердик коомунун кызматкери Алексей Зырянов билдирди. Анын айтымында, эгерде дагы 10-12 күн Шардара суу сактагычына азыркы көлөмдөгү суу берилсе, ал ташып 37 айыл-шаарды капташы ыктымал. Маселени талкуулоо үчүн Борбор Азия мамлекеттеринин өкүлдөрү 20-январда Ташкенде жолугушат.