Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

Ырасмий Бээжин ички базарын коргоого алды


Кытай өкмөтү Россия, Украина, Казакстан, Түштүк Корея жана Тайвандан импорттолуучу оромо болот тунукеден алынчу алым-салыктын өлчөмүн шаршемби күндөн тартып 55 процентке көбөйттү.
Соода министрлиги тарифти жогорулатуунун себебин жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү коргоонун зарылыдыгы менен түшүндүрдү.
Бээжин чет элдик оромо болот туникеден кытайлык өндүрүшчүлөрдү коргоо боюнча антидемпингдик чараны алгач 2002-жылдын март айында колдонгон. Андан мурдараак АКШ өзүнүн металлургия өнөр жайынын атаандаштыгын күчөтүү үчүн сырттан ташылып келген болоттун кээ бир түрлөрүнөн кошумча тариф салган.

XS
SM
MD
LG