Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Укук коргоочулар тыңшоочу аппаратка карата пикирлерин айтууда


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын укук коргоо кыймылы, «Кылым шамы» жана «Укук жана адамдар» («Права и люди») бейөкмөт уюмдары эларалык уюмдарга жана массалык маалымат каражаттарына кайрылуу менен чыгышты. Анда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын имаратына тыңшоочу аппараттардын коюлушу Конституцияга, адам укуктарына жана эларалык нормаларга каршы келээри айтылган. Кайрылуу ээлери бул маселени иликтөө үчүн коомдук комиссия түзүү демилгесин көтөрүштү. Таратылган кайрылууда көрсөтүлгөнгө караганда, аталган уюмдар тыңшоочу аппараттарды ким койгонунун аныктоо максатында өз алдынча мониторинг жүргүзүү максатын көздөп жатышат.

XS
SM
MD
LG