ТАЛАС. Президент Аскар Акаевдин Таласка иш сапарынын алкагында каралган бир катар иш-чаралар аба ырайынын шартынан улам болбой калды. Мамлекет башчысы Таласка учак менен бармак, бирок ага аба ырайы тоскоол болду. Ошондон улам президенттин улуттук «Манас ордо» комплексине барууга жана Талас шаарындагы өнөр жай жана соода борборлорунун иштери менен таанышууга убактысы болгон жок. Атай атындагы музыкалык мектептеги жолугушуу да кеч башталды. Коомчулук алдында сүйлөгөн сөзүндө президент Аскар Акаев өткөн жылдын жыйынтыктарын чыгарып, быйылкы жылдын милдеттерине токтолду. Президент Талас облусунда быйыл Жерүйдүн алтынын казуу , Суусамыр-Талас-Тарас автожолун оңдоо башталаарын жана Карабуура суу сактагычынын курулушу аяктаарын билдирди. Сөз соңунда президент Манас районундагы Май жана Үчкоргон айыл өкмөттөрүнүн алкагында түзүлгөн инвестициялык комитеттердин ар бирине 25 миң доллар инвестиция берүү жөнүндө сертификат тапшырды.