Өзбек тышкы иштер министрлиги кечээ күнү тараткан маалыматка караганда, өлкөдө жарыяланган мунапыска ылайык 3381 адам абактан бошотулду, алардын үч жүз токсон бири "Хизб ут-Тахрир" партиясынын мүчөсү болушу мүмкүн. Өзбек конституциясынын 11 жылдыгы менен байланыштуу мунапыс мыйзамына президент Ислам Каримов декабрда кол койгон.