Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:44

Давосто экономикалык форум уланууда


Бүгүнкү жыйында сөз сүйлөп, америкалык вице-президент Дик Чейни европалыктарды араб дүйнөсүн демократиялаштыруу боюнча Кошмо Штаттарынын күч-аракетине кошулганга чакырды. Чейни зобун-зордукту жана терроризмди ташбыйкат кылган режимдерди демократиянын аркасында гана жеңүүгө болорун белгиледи. Азап-казап идеологиясына каршы туруп, биз бүткүл Жакынкы Чыгышта жана башка региондордо демократиянын жайылышына көмөктөшүүгө тийишпиз, деп айтты Чейни. Иранды Чейни өз элинин ыктыяр-эркин урматтап, адилет шайлоо өткөрүүгө чакырды. Мындан тышкары ал жөөт-палестин жаңжалын жөнгө салуунун зарылдыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG