Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Ирандагы саясый таймаш курчууда


Шейшемби күнү өкмөттүк ИРНА жаңылыктар агенттиги Ирандын президенти Мохаммад Хатаминин “24 министрдин жана 6 вице-президенттин көпчүлүгүнүн отставкага кетүү жөнүндөгү өтүнүчү канааттандырылган жок” деген сөзүн таратты.
Өкмөт мүчөлөрү консервативдүү Көзөмөл кеңешинин 4000 миңден көп талапкердин келерки айда болчу парламенттик шайлоого катышуусуна тыйуу салганга нааразылык иретинде, кызматынан бошотууну өтүнүшкөн эле.
Белгилүү диссидент- динаятчы Улуу аятолла Хусейн Али Монтазери шейшемби күнү Кум шаарында жасаган билдирүүсүндө, Көзөмөл кеңешинин 12 мүчөсүн талашты токтотууга чакырды.
Парламенттин төрагасы Мехди Карруби 27-январда билдиргенге караганда, каршылаш тараптар талашты дүйшөмбү күнү жөндөшкөн.
Кеңештин өкүлү Ибрагим Азизи акыркы эки жумада шайлоодон четтелилген 650 талапкердин укугу калыбына келтирилгенин билдирди.

XS
SM
MD
LG