Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

АКШ президенти Жорж Буш Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту


Буш кечээки жолугушууда «Вашингтон демократиялуу Ирак өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө шек келтирбейт» деген ишеничте экенин белгиледи. Вашингтондун өкүлдөрү эки жетекчи андан тышкары террорчулукка каршы күрөш, Кипр маселелерин талкуулашканын маалымдашты. Түрк премьери Ирактагы күрттөргө автономия берилсе, Түркиядагы күрттөр да боштондук кыймылын күчөтөт деген тынчсыздануусун билдирди. Ошондой эле Анкара Европа Биримдигине кошулуудагы башкы тоскоолдук болуп жаткан Кипр чатагын чечүүгө бет алганына басым жасады.

XS
SM
MD
LG