Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:19

Аксы окуясы боюнча коомдук угуу өткөрүлмөкчү


БИШКЕК. “Ушул жылдын март айында Бишкекте Аксы окуясы боюнча коомдук талкууну өткөрүүнү болжоп жатабыз”, - деп бүгүн «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунан маалымдашты. Ага 2002-жылдын март айындагы Аксы алааматында курман болгондордун туугандары, бул окуя боюнча сот ишине катышкандар, бийлик өкүлдөрү, эларалык уюмдардын, саясий партиялар менен коомдук уюмдардын өкүлдөрү чакырылат. Кыргызстандагы бир катар укук коргоочулар “Аксы окуясына күнөөлүүлөр сот жообуна тартыла элек” деген пикирде.
«Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун демилгеси менен 28-январда «Арнамыс» партиясынын учурда камакта жаткан жетекчиси Феликс Куловдун сот иши боюнча талкуу өткөрүлдү.

XS
SM
MD
LG